Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун үстүнөн дагы бир арыз түштү.
Бишкек ШИИББинен билдиргендей, Айткуловдун жубайы Р.А. баласы 2016-жылы алдамчылык жолу менен М.А. аттуу жарандан 11 миң 678 доллар каражатын алган. "Алар акчаны бир айга карызга алышкан. Андан кийин 2017-жылы кайра 3 айлык мөөнөткө келишим түзүп, аны аткарган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Икрамидин Айткуловго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук өндүрүшкө алынган. 2018-жылдын 19-сентябрында Н.Д. аттуу жаран Икрамидин Айткулов алдамчылык менен 5500 долларга ээ болуп калганы тууралуу арыз менен кайрылганын Бишкек ШИИББинен билдирген.