"Тирүүлөй өлүкпүз" деген аялдар сотторго нааразы болуп кепин оронуп Ак Үйдүн алдына чыгышты

Бүгүн, 3-сентябрда Ак Үйдүн алдына кепин оронгон аялдар бийликке өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирүү үчүн келишти. Алар кепин оронгонунун себебин "биз тирүүлөй өлүкпүз, биз соттон акыйкаттык ала алган жокпуз" деп түшүндүрүштү.

Чогулгандардын бири баласы 25 жылга мыйзамсыз соттолуп кеткенин айтса, экинчиси банк аркылуу үй алып, иши сотко өтүп кеткенин, анда сот туура эмес чечим чыгарганын билдирди. Мындан улам жабырлануучу бир канча акчасы корогонун, сот ошол чыгымдарды эске алуу менен акыйкат чечим чыгарса деген талабы менен келген.

Ал эми дагы бир аял Кыргыз өлкөсүндөгү жер тилкелери Кыргыз жарандарына берилбей келгенин билдирди. Буга байланыштуу ал жерлерди трансформация кылуу маселеси эрте чечилсе деген талабын айтты.

Тирүүлөй өлүкпүз деп кепин оронгон аялдар сотторго нааразычылыгын айтышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shabi
2019-09-03 11:19:42
Ммм кепин оронуп чыкты.не дешти билбейсин
+2
altyn-kumush
2019-09-03 11:38:33
Кепин кийип кабырга барат да. Ак үйгө үтүктөлгөн көйнөгүңөрдү кийип барып, арманыңарды айткыла.
+10
Erik2018
2019-09-03 11:45:51
эмне тоогу жоголуптурбу, тажаттынарго чычкак улагынар олсо деле аянтка чуркап
-3
Jaznura
2019-09-03 11:59:46
Эл дагы шоу жасаганга алты жылда куп оздоштуруптур
+5
JaneEr
2019-09-03 12:54:14
Докчулар!
0
Medina87
2019-09-03 13:49:23
Денем дуркуроп кетти, башка олколорго уят эле.
+2
BoDiNur
2019-09-03 22:49:31
Эки уч жинди биригип эле митинг
0
keku00
2019-09-04 00:46:58
Аллах кредит харам деди, алба деди, сен алдын, акыбалына маймылдар кулсун эми. Озунорго озунор берген жазаага, окмотту куноолоп чыктынарбы..? Эртенки Аллах берчу жазаага кимди куноолойт экенсинер...?
+2
AykaMer
2019-09-04 09:48:52
Митинг,пикеттер салт эле болуп калды го аа.... тообо,балким өкмөт,жогорку жак честный,адилеттүү иштегенде мындай көрүнүш азаймак беле?!...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан