Турак жай, унаа жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөнүн мөөнөтү 2-сентябрда аяктаганын билдирди.
"Салык төлөөнүн мөөнөтү аяктаганына байланыштуу салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө административдик айып салынат. Тагыраагы, жеке жарандарга 1000 сом, юридикалык ишканаларга 5000 сом. Ошондой эле ар бир күн үчүн туум кошулат", - деп жазылат маалыматта.
Жарандар салык төлөөнү банк кассаларынан, терминалдардан, интернет банкингден жана мобилдик тиркемеден ишке ашыра алат.