Чүй облусунун Сокулук районундагы атасынан төрөдү делинген кыздын ымыркайын балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө багып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Ал эми Чүй ОИИББи учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганын, ал эми багып алган адамдардын дагы аты-жөнү такталып, териштирүү иштери башталганын билдирди.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын август айында Сокулук районунун опер кызматкери “жергиликтүү тургун өзүнүн кызын күч колдонуп зордуктап, ал төрөгөн” деген маалымат менен кайрылган. Бул окуя боюнча тергөө иштеринин негизинде кыздын 2005-жылы туулганы, ал эми атасынын 1966-жылы туулгандыгы анык болгон. Азыркы учурда атасы кармалып, убактылуу жайга киргизилген. Ал эми кыз ушул жылдын 4-июль күнү төрөгөн.