Бүгүн, 3-сентябрда "Ош базарындагы" "Берекет универсал" базарында иштеген 500дөн ашык соодагерлер чогулуп, митинг уюштурушту. Бул тууралуу базарда иштеген соодагер Бакыт Сайдалиев билдирди.
Анын айтымында, соодагерлердин бир гана талабы бар. Базардын жери мэрияга караштуу болгондуктан, базар муниципалдык бойдон калышы керек.
"Бул жерде бизге иштегенге тоскоолдук кылып жаткан жарык маселеси да бар. Апрель айынан бери жарык жок",- деди ал.
Чогулгандар борбордун мэри Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан. Мындан улам аталган митингге вице-мэр Азиз Алымкулов, Ленин районунун акими, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Талант Мамытов келишти.
"Депутаттар маселени карап бермей болушту. Ал эми мэрия биздин маселени чечип берүүнү убадалады. Арабыздан чыккан өкүлдөр менен мэриянын кызматкерлери жарыктын өчүрүлүшү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мэрияга кетишти", - деди Сайдалиев.