Бишкек мэриясы көрүстөндөрдөгү коррупциялык иштерди кыскартуу үчүн муниципалдык кызматкерлердин маянасын жогорулатат

Көрүстөндөрдөгү коррупциялык махинацияны кыскартуу максатында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматкерлердин маянасын көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда болгон жыйында айтып, "Бишкек шаардык аза кызматтары агенттигинин" директору Аскербек Алиевге тапшырма берди.

Азиз Суракматов аталган муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү менен көрүстөндөрдөгү коррупциялык иштер кыскарарын билдирди. "Бишкек шаардык аза кызматтары агенттиги" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 10 миң сомго чейинки маяна алат.

Мындан тышкары, жыйында кадрдык өзгөрүүлөр орун алып, мэриянын алдындагы муниципалдык ишканаларга бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rahatov
2019-09-03 16:05:04
Оа силерге айлыгын которсонор эле кыскарат деп Ким айты андан мугалимдердин айлыгын которуш керек
+1
kechirmeni
2019-09-03 16:19:10
иии куйосун да куйосун! тапкан чечимин кара, тим эле жоктон тапкансып, ушинтсе эле тыйылып калса кана
+1
BarsBaatyr
2019-09-03 17:43:12
Күндөн күнгө мындай көрүнүштөрдөн көңүл айнып баратат.
0
kechirmeni
2019-09-04 09:28:06
Бишкектин мэрин билбеймин го бирок Оштун мэри катырып атат ишти, коптогон ири обьекттер курулуп атат,озу тынбай кун алыс шаар кыдырып журот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан