Биринчи Май райондук соту: "Атамбаев салдырган мечитти камакка алуу боюнча токтом жок"

Алмазбек Атамбаев салдырган "7-апрель шейиттери" мечити камакка алынганын буга чейин Башкы прокуратура билдирген. Ал эми Биринчи Май райондук соту мечитти камакка алуу боюнча токтом жок экендигин билдирди.

Буга чейин Юнусалиев көчөсүндөгү 173/1 дарегинде жайгашкан мечит факты боюнча Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон илимий өндүрүштүк фирма "Форум" ААКсына катталгандыктан, Биринчи Май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарганын прокуратурадан билдирген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан кийин колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан кийин анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап, камактагы мөөнөтү 2019-жылдын 26-октябрына чейин узартылган.

Ушул жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарындагы 7-кичи райондо жаңы мечит ачылган. Ал жалпы аянты 2 гектардан ашык жер тилкесине салынып, 5 миң кишиге ылайыкташкан. Курулуш иштери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин каржылоосунда жүргүзүлгөн. Мечитке Абдышүкүр Нарматов имам болгон.



"7-Апрель шейиттери" мечити камакка алындыбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
altyn-kumush
2019-09-03 14:28:12
токтом табылса Атамбаевдин коррупциялык иштеринин учугу уланат.
+1
uli1234
2019-09-03 14:28:41
Таппай атсанар дагы бирди чыгарып койгулада
+1
aza84
2019-09-03 15:52:37
Мечитке тийишпей эле койсонор болмок баарыбыз мусулманбызда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан