Депутат Кожобек Рыспаев "Кыргыз алтын" ААКнын башкармалыгынын жетекчилиги комитет жыйынына келбегенине нааразы болду.
Аталган комитеттин кызматкери "Кыргыз алтындын" өкүлдөрү Солтон-Сары алтын кениндеги инцидент жана учурдагы кырдаал жөнүндө маселеге тиешеси жок экенин айтышып, келишкен жок деп билдирди.
Рыспаев, чакырылгандан кийин алар келиши керектигин белгиледи. Депутаттар бүгүнкү комитет жыйынына "Кыргыз алтындын" жетекчилерин чакыруу керектигин айтышты.
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.