Солтон-Сарыда орун алган чырда Кой-Таш, Кызыл-Омпол окуясына катышкандар жүргөнү байкалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Депутат Сагындык Келдибаев бул чыр атайын уюштурулушу мүмкүнбү деп сурады. Боронов чыр атайын уюштурулду деп айтыш үчүн далил болуш керек деген пикирин айтты.
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Солтон-Сары алтын кениндеги чыр жана учурдагы кырдаал жөнүндө маселе каралды.