Ош шаарындагы мектептерге Орусиядан 17 мугалим келди. Учурда алар калаанын орус тилдүү мектептерине бөлүнүп, ишмердүүлүгүн баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы усулчусу Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.
“Муктаждыкка жараша Орусиядан келген мугалимдер тиешелүү мектептерге бөлүндү. Алардын турак жайы, келип кеткен жол акылары менен депутат Азамат Арыкбаев камсыздап, демөөрчүлүк кылган. Орусиядан келген мугалимдерге кадимки биздин жергиликтүү мугалимдерге берилген айлык берилет. Мындан сырткары, аларга Орусиянын фонду дагы акча чегеришет. Мугалимдер азырынча бир жылдык келишим менен келишти. Эгер мындан ары улантуу муктаждыгы жаралып калса, окутуучулар жумушун улантышы мүмкүн”, - деди Досмуратов.
Эскерте кетсек, буга чейин Орусиядан тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер келе турганы айтылган.