Бишкектеги Ак-Ордо-3 жаңы конушунан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-августта саат 21:00 чамасында аял кишинин жансыз денеси табылган. Жанынан эч кандай документ табылган эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара, арык чырай.
Кийген кийимдери: кызыл түстөгү кепка. Ак түстөгү футболка, көйнөк жана кара түстөгү шым ошондой эле бутунда спорттук бут кийим.
Кимде-ким аты-жөнү такталбай жаткан аял тууралуу маалымат билсе Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө же төмөндөгү телефон номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: (0312) 60-45-67, 0701 80-18-03