Бишкектеги Токтогул көчөсү 10-сентябрда ачылат

Оңдоп-түзөө үчүн убактылуу жабылган Бишкектеги Токтогул көчөсү транспорттук каттамдар үчүн 10-сентябрда ачылат. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиргендей, жумушчулар бул убакыт аралыгында жылуулук тармактарындагы оңдоо иштерин толугу менен бүтүрөт.

"Оңдоп-түзөө иштери Токтогул көчөсүнүн Турусбеков жана Шевченко көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жатат. Ал эми Токтогул менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилиши 25-августта ачылган", - деди басма сөз кызматынан.

Аталган көчөдөгү жылуулук тармактарын оңдоо иштери "Юнис Курулуш" компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан