Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багына орнотулган күркөлөрдүн 8и алынды. Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан күркөлөрдү орнотууга уруксат кагаздын жоктугун, мыйзамсыз коюлганын билдирди.
Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калаадагы мыйзамсыз объектилерди алуу иштерин улантып жатат. Эгер мыйзам бузуулар орун алса тиешелүү чара көрүлөрү жазылат маалыматта.
Мэрия жарандарды мыйзам чегинде жашоого, уруксат берилбеген жерлерге күркөлөрдү орнотпоого, курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырат.