Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев жергиликтүү инвесторлор башка мамлекеттерге кетип жатканын айтты.
Экономика министри Санжар Муканбетов акыркы айларда инвестициялык климат начарлап кеткенин билдирди.
“Кызыл-Омполдо, Солтон-Сарыда жана жакында орун алган окуяларга байланыштуу инвестициялык климат начарлап кетти” деди министр.
Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин кийинки жыйынына өлкөдөгү инвестициялык абал боюнча маалымат угууну сунуштады.