Бөйрөктүн жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын гемодиализ алуусуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартиби бекитилип, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилүү болгондой, бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын алышат. Тагыраагы, алар бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөйт.
"Бейтаптарга гемодиализ кызматтарын көрсөткөн медициналык жайларды тандоо укугу берилет. 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандардын электрондук тизмеси түзүлүп, алардан келген арыздар жана документтер "Бирдиктүү реестрге" жазылат. Атайын түзүлгөн комиссия бейтаптардан келген арыздарды карап чыгып, гемодиализ алуучулардын тизмесин түзөт.
Гемодиализ кызматтарын көрсөтүү илдеттин курчтугуна жараша жүргүзүлөт. Тагыраагы, аптасына 3 жолудан ашык эмес, 1 айда 12 сеанс жасалат.
Гемодиализ кызматы үчүн төлөм тиешелүү документтердин негизинде гана республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандарга мамлекеттик ооруканалардан гемодиализ кызматын көрсөтүү 2020-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт", - деп жазылат маалыматта.
Гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана менчик саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.