Жогорку Кеңеште Кыргыз мамлекетинин Жашыл өсүш глобалдык институтуна кошулуусуна багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз мамлекетинин Жашыл өсүш глобалдык институтуна кошулуусуна багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы экономика министри Санжар Муканбетов жасады. Анын айтымында, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууга кошулуу менен Кыргыз мамлекетинде жашыл экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошулмакчы.

Талкууда депутаттар аталган макулдашууга кошулуу менен Кыргыз мамлекетинде кандай мүмкүнчүлүктөр ачыла тургандыгын, өлкөнүн экологиясын, жашыл экономикасын өнүктүрүүгө кандай шарттар түзүлө турганын такташты. Анда бул макулдашууга кошулууда өлкө мүчөлүк төлөм төлөбөстүгү айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан