Депутаттар жайкы эс алуусуна 500 миң сомдон алган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда депутаттар эки айлык эмгек өргүүсүнө 500 миң сомдон алган деген маалымат талкууланган.
Эл өкүлдөрү 27-июнда жайкы каникулга тараган. 2-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталган.