Ысык-Көл облусунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгындагы БМВ-Х5 унаасынын айдоочусу эки айга камакка алынды

Ысык-Көл облусундагы Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча БМВ-Х5 унаасынын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, чечимди бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл райондук соту чыгарган.

"Сот айдоочуну 3-ноябрга чейин Караколдогу №3 СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Бирок ал ооруканада болгондуктан, качан камакка алынарын райондук прокуратура чечет", - деди басма сөз кызматынан.

30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aikaaaa
2019-09-05 11:37:09
А президенттин кудасы катышкан жол кырсыгындагылар эмне болушту экен, же жаап коюштубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан