Эртең, 5-сентябрда Жогорку Сотто мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отуруму жаңы жагдайлар боюнча каралат.
Буга чейин иш жаңы кодекстерге ылайык каралуусу 24-июлда карала турган иш жылдырылган эле. 15-августта карала турган соттук отурум Салянованын жактоочусунун өтүнүчү боюнча 5-сентябрга жылдырылган.
Ушул жылдын 21-июнунда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.