Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтеген комиссия бир айдан кийин отчёт берет

Ушул жылдын 7-8-августунда Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирет.

Комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөсү, коомдук ишмер Турсунбек Акун өзүнүн мүчөлүгүнө каршы чыкты.

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын катчылыгы түзүлдү. Ага Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Райымкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана Алишер Мамасалиев кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2019-09-04 21:43:26
Кылдат иликтеп чыгыш керек канкордун күнөөлөрү айдан ачык көрүнүп турат бирок ошентсе да факты менен көрсөтүш керек.
+2
altyn-kumush
2019-09-05 09:04:52
Атамбаевдин "Кой-Таш" автономиясы комиссия иликтебесе деле ачык көрүнүп турат. Ал жерде канчалаган мам кызматкерлер жабыркап айрымдары каза болду. Мында ким күнөөлүү экендиги айдан ачык.
+2
Erik2018
2019-09-05 10:21:37
Таштарды тогуп, бункер жасап дзот кылып ок атычуу куралды киши олтурууго даярдаганы учун ( попытки убийство) 25 жыл берилет, калган 14 кылмыш учун Атамбаев 200 жыл жашаса да жетбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан