Депутат Төрөбай Зулпукаров контейнер-мектеп маселеси боюнча өкмөт кандай чара көрө турганын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Нарын облусундагы контейнер-мектеп жөнүндө өтө катуу талкуу жүрүп кетти. Бул боюнча кандай чара колдонулат? Мектепти ашар жолу менен курабыз деп чыккандар болду. 2016-жылы Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн. Ага Жогорку Кеӊеш макулдугун берген болчу. Ошол акча ушул кезге чейин иштетилген жок. Өкмөт бул маселеге көӊүл буруп, мектептерди кура башташы керек", - дейт Зулпукаров.
Депутат Алтынбек Жунус уулу контейнер-мектептин курулушу убактылуу туура чечим деп эсептей турганын айтты. Ал тез арада мектеп салынышы керектигин кошумчалады.