Парламентте жаңы түзүлгөн Жер ресурстары боюнча агенттиктин уюштуруу иштери кечеңдеп жатканы айтылды

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов жаңы түзүлгөн Жер ресурстары боюнча агенттиктин уюштуруу иштери кечеңдеп жатканын айтты.

"Мурда бир топ министрлик жер маселеси боюнча иштечү эле. Азыр өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча агенттик түзүлгөн. Бирок агенттиктин уюштуруу иштери кечеңдеп жатат. Шайлоочулардын көпчүлүгү жерлерди трансформациялоо көйгөйүн көтөрүп жатышат. Жергиликтүү бийликте жерлерди трансформациялоо боюнча ыйгарым укук берүү керек", - дейт Өмүркулов.

1-августта өкмөткө караштуу Жер жана Суу ресурстары боюнча эки башка мамлекеттик агенттиктер түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан