Депутат Момбеков: "Турдакун Усубалиевдин туугандары аткаруу бийлигине нааразы болуп жатышат"

Депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин туугандары аткаруу бийлигине нааразы болуп жатышканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлык чыгарган. Уюштуруу ишин өкмөткө жүктөп койгон. Кечээ Усубалиевдин туугандарын кабыл алдым, алар аткаруу бийлигинин ишине нааразы болду. Уюштуруу иштерин өкмөт башчы өзү жетектебей, орун басарына жылдырып койгонун айтып жатышат. Бишкек шаарынын мэриясы Усубалиевдин атын эски аянтка бергени жатат. Өкмөттүн үйүнүн алдындагы "парковкага" Усубалиевдин атын бергенибиз уят. Анын туугандары Биринчи Май районунун атын берсин деп жатышат", - дейт Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Rubin
2019-09-05 10:37:20
Жердин барын сатып жок кылганы үчүн, Кыргызстандын ушул абалга келишине түздөн-түз күнөөлүү болгону үчүн, райондун атын беришибиз керекпи?
+10
titanik32
2019-09-05 10:40:05
Ошол Усубалиевдин туугандарын ар нерсе деп козуткан ушу өзүң болсоң керек Момбеков.Сенин колуңдан ар кандай иштер келет.
+9
Kgda
2019-09-05 17:09:46
titanik32,)) созундо жан бар.
+4
Dembele84
2019-09-05 10:54:28
Лучше Бишкекти эле Усубалиев деп алмаштырып койолу деп келбептир !
+11
Kgda
2019-09-05 17:10:13
Dembele84,)) ичим ай ичим.
+4
Bars88
2019-09-05 10:59:42
Кыргызстандын коп жерлерин озбектерге казактарга бергени учун саткын деген эле наам беришип керек.Райондон аты айлансын
+12
Mina24
2019-09-05 11:40:54
Усубалиевти мактагандын ордуна мазактайсынарго чиркин негизи бизге эч жакпайт бишкекти мрамырный шаар кылдыго кичине болсо да андан кийинкилер не кылды салыштырсанар бериш керек не сураса туугандары
-8
nazira...
2019-09-05 11:51:11
Mina24? Бишкекти мрамырный шаар кылбаса столицаны Ошко берип салышмак, ошон учун Чуйдун курук жаткан талаансын шаар кылып Фрунзе кылып эптеп столица кылган. Мисалы азыркы Оштун облгосадминистрациясынын зданиясы ак уйдун зданиясынан да кучтуу курулган, Лениндин эстелигин айтпай эле коеюн. Кыргызстандын столицасы Ош болот деп орустар курушкан экен.Бул эли менен кошо жерин озбекстандарга сатып азыркыга чейин ал жактагы кыргыздар наалат айтып келишет усубалиевге.
+9
Anti-S
2019-09-06 02:11:58
Mina24, усубалиев мамлекеттик чыккынчы. Исхак Раззаковду Москвага ушактап журуп иштен кетиршен. Куугунтуктаган. Ал антпегенде биз башкача олкодо жашамакбыз. Усубалиевке уеч болсо да олум жазасын берсе ыраазы болмокмун.
+2
Mina24
2019-09-05 11:41:55
Бакиев не кылды мисалы
-6
nazira...
2019-09-05 11:58:09
Mina24, Бакиев 15 жыл жеген Акаевдин тышкы карыздарын толоду аз иштесе да, а Атамбаев не кылды, Жээнбеков не кылып атат ошондой эле нерсе. Усубалиев Москваны эле карап отурган да не десе ошону жонотуп коюп.
+13
Tursunbaev2017
2019-09-05 14:20:39
Mina24,причем тут Бакиев,трайбализмдин чегине жеткенсиңер,ошон үчүн Кыргызстан өнүкпөйт
+7
Anti-S
2019-09-06 02:13:19
Mina24, э к..м Бакиев усубалиевден 1000 эсе адамгерчиликтуу жана мамлекет учун кооп жакшы иштерди кылды
+2
Tursunbaev2017
2019-09-05 11:43:03
аты ажаатканага да арзыбайт
+8
Mamiev
2019-09-05 15:13:54
Негизи көпчүлүгү жактырбайт экен. Кыргыздын чыгаан инсаны Раззаковдун туугандары ундобой эле жүрөт го. Чындыгында көп угам көп жерлерди ушул киши саткан деп. Уялыш керек да кичине. Жүрөбүз го анклабдарды берип коюп ала албай күндө тополоң болуп
+6
asdef
2019-09-05 15:45:16
Атын Кой Ташка коюп койгула
+7
Kgda
2019-09-05 17:13:16
asdef,ваахаха
+5
titanik32
2019-09-05 17:09:23
Кыргызстандын борбору негизи Ош шаары болуш керек эле,себеби Ош шаарын Ак буура дарыясы агып өтөт.Дүйнөлүк масштабды ала турга болсок ири борбор шаарлар менен дарыя агып өткөн.Лондон Темза дарыя,Париж Сена дарыя,Москва Москва река.Нүр Сүлтан Иле дарыя жана башка көптөгөн мисал кылса болот.
+5
NURSAPAR
2019-09-05 19:07:31
Бул киши жеткен трайбалист. Чындап эле аты ажаатканага да арзыбайт. Улуулардан уксаңар билесиңер, түштүктөн Советабад деген жерди коңшуларга берип салган.
+6
jemile
2019-09-06 10:56:21
Орустардын айтканын кылып отурса эмне иш кылмак эле, Разаков 'кыргыз' деп күйгөнү үчүн, өзү чечим кабыл алалганы үчүн кеткен+Усубалиев жамандап жүрүп кетирген экен...чоңдун койнуна кирбесең албетте жакпайсың, тем более 'сысысыр' маалында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан