Социалдык объектилердин курулушу боюнча суроолор арбын. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда депутат Улан Пирматов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
"Акыркы жылдары социалдык объектилердин курулуштарын каржылоо маселесин авгус-сентябрь айларына чейин созулуп келет. Мындан улам курулуштардын сапаты начар болууда. Алардын тизмесин апрель-май айларында эле бекитип, анан бир айдын ичинде тендерлерди өткөрүш керек. Азыр депутаттар тобу токтомдун долбоорун даярдап жатат. Өкмөт дагы мындай демилгени колдойт деген ойдомун", - деди депутат.