Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында спецназды атты деп шектелип жаткан адамдын туугандары Акыйкатчы институтуна кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы акыйкатчы Токон Мамытовдон маалымат алды.
Анын айтымында, аталган институт шектүүнүн туугандарынын жазган арызынын үстүндө иштеп жатат.
"Биздин кызматкерлер кылмышка шектүү делген адам менен жолугуп келишти. Мындан тышкары, туугандары менен да сүйлөшүштү. Туугандарынын айтымында, Кой-Таштагы операция жүргүзүлгөндөн 2-3 күн мурун эле штабка айдоочу болуп ишке кирген экен. "Мен эч кимди тааный элек болчумун ал жерден. Автомат кармаганды да билбейм" деген сөздөрдү айтып берди.
Ал эми тергөөдө кысым, кыйноолор болбогондугун билдирди. Келе жаткан аптада дагы жолугуп сүйлөшөбүз. Кой-Таш боюнча кармалгандардын барына, Алмазбек Атамбаевден тартып шектүүгө чейин жолуктук", - деди Токон Мамытов.
Эске салсак, 7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.
47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калган.