Сузакта мугалим менен окуучу суу талаша кетип, ортодо жаңжал чыкты

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ленин айылында суу талашып кетип, мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 24-августтан 25-августка караган түнү болгон.

"Окуя огород сугарган сууну талашуудан келип чыккан. Түнкүсүн кошуналар кезектешип, огороддорун сугарышчу экен. Ошол күнү мугалим менен окуучу суу талаша кетишип ал жаңжалга айланат. Мындан улам 18 жаштагы жаран мугалимди кетмен менен чаап жиберет. Ал ооруканага жеткирилип, эртеси арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Ал эми 18 жаштагы жаран дагы ооруканада жатканын милициядан кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talaa11
2019-09-05 13:25:01
Азыр сый,урмат деген нерсе таптакыр калбады
+11
Jacob.
2019-09-05 13:42:59
Огородуңдагы помидоруңдун башы 11 жыл окуткан мугалимдин башынан бийик койгон кандай акмак!
Мугалимдерди адам катары деле көрбөй калдыңар го, алар жок болсо отурмаксың тамга тааныбай.
+8
elmira.
2019-09-05 16:50:16
Биз кочодо мугалимди корсок бекинчуу элек
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан