Депутат Жыргалбек Турускулов мугалимдердин көтөрүлүүчү айлык акысы боюнча так маалымат берилиши керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Нарын районуна караштуу Кеңеш айылынын мектебине 4-5 жыл мурун окууга жараксыз деп бүтүм чыгарылган экен. Андан бери эмнеге маселе чечилбей келе жатат? Буга тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралашы керек", - дейт Турускулов.
Депутат Алмазбек Акматов Кеңеш айылындагы авариялык мектеп боюнча өз маалында район акими, айыл тургундары, согуш ардагерлеринен бир топ кайрылуулар келип түшкөнүн, ал кайрылуулар аткаруу бийлигине жолдонгонун белгиледи. Анын айтымында, бул маселеге көӊүл бурулбагандыктан бүгүнкүдөй жыйынтык болуп жатат.