Депутат: "Адал эт паркы жайгаша турган жерди тандаганда, Нарын, Баткен облустарына артыкчылык берүү зарыл"

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз мамлекети Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен экспорт үчүн адал эт паркын түзүүнү көздөгөн мыйзам долбоору каралды.

Депутат Эльвира Сурабалдиева өкмөт өкүлдөрүнө адал эт паркы жайгаша турган жерди тандаганда Нарын жана Баткен облустарына артыкчылык берүү зарылдыгын билдирди. "Адал стандарты бизге өтө керек. Бул эки облус борбордон алыс жайгашкан. Ошондон улам, алар жаӊы жумушчу орундарына муктаж. Алардын инфратүзүмдөрүн да эске алуу керек", - деди ал.

Мыйзам долбооруна ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми Кыргыз тараптын салымы 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан