Интернетке контейнер мектеп тууралуу тамашалуу видеолор жарыяланды. Алардын бирин шоумен, актёр Актан Рыскелдиев менен Мыктыбек Мукаев даярдаган. Видео шаардын чет жакасындагы контейнерлер орнотулган жерде тартылып, ар бир контейнерге сабактардын аталыштары жазылган.
Видеодо окуучунун ролун жараткан Актан Рыскелдиев 10-класстын окуучусу Мыктыбек Мукаевдин издеп жүргөн болот. Ал класстарды (контейнерлерди) аралап Мыкыны издеп келип, мугалимден суранып чыгуусун айтат. Алардын диалогунан:
- Актан: Эмне сабак өтүп жатасыңар?
- Мыкы: Химия.
- А: Эмне кыласың химияны? Бас, суранып чык.
- М: Каякка барабыз?
- А: Айбага барабыз. Ал "Дордойдогу" "Кыргыз-Кытай Жунхай" университетине тапшырбады беле.
- М: Ааа... Бирок менин сабактарым бар да. Европейский рядда англис тили, андан кийин 4-өтмөктө кыргыз тили сабактары бар.
- А: Өтмөк? Ряд десең.
- М: Кыргыз тили да...
- А: Бас, директордон суран!
- М: Ай ата, жаап кетип калган турбайбы. Биздин директор оптовик да, саат 14:00дөн кийин жабылып калат.
Талкууга түшкөн контейнер мектеп тууралуу куудул Борончу Кудайбергенов дагы видео даярдаган. Анда куудул Нарын эли тарыхка маани берерин, бул контейнер мектептерди кийинки муундарга өткөрөрүн айтат. Ошондой эле ал Нарындан чыккан азаматтар көп экенин, алар нарындыктарды талаага таштабайт деген.
"Контейнерде окуган бир аз башкача болот экен, эшикти ачып койсоң суук, жаап койсоң ысык болот. Анан дагы ичи тар болгондуктан бизге Рахман Разыковдой чоң эмес, кичинекей мугалимдер керек болуп жатат. Себеби мугалим дем алса окуучуларга аба жетпей калат экен. Мүмкүн болсо мага окшогон кичинекей мугалимдер байланышып коюңуздар. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы эмес контейнерлештирүү жылы деп жаңы кадамдарды баштадык", - деген ал.
Мындан тышкары, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн, университеттердин контейнерден жасалган варианттагы сүрөттөрү менен бөлүшүүдө.