4-августта Дордой-1 конушунда жайгашкан кампадан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен кампадагы үй-тиричилик товарларынын дээрлик баары күйүп кеткен. Андан бери 1 ай өттү. Бирок өрттүн келип чыгуу себеби такталган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт оттун аз калориялуу булагынан келип чыккан. Ал тамеки болушу мүмкүн экенин айтты.
Өрт 5-августта саат 10:14тө толук өчүрүлгөн. Дордой-1 конушунун тургуну Майрам Анарбаева билдиргендей, кампадан 50дөй күйүп кеткен кир жуучу машиналар чыгарылган.
Атын атагысы келбеген кампанын жумушчусу товардын жалпы суммасы 3 миллион долларды түзө турганын айткан.