Бир жылдан ашык жыйынга келбеген "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырды.
Борбордук шайлоо комиссиясы SUPER.KG порталына билдиргендей, Насыр Мусаевдин мандатын тапшыруу боюнча арызы эртең, 6-сентябрда БШКда каралат.
"Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча, анын ордуна Бектен Сыдыгалиев келет. Ал мурда УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Былтыр 18-апрелде Насыр Мусаев Жогорку Кеӊештин жыйынында ант берген. Ал депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген. Ант берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы менен келген.