Эл аралык сынактардын катышуучусу жана жеңүүчүсү, ырчы Мыктыбек Нурланбеков жогорку окуу жайды аяктады. Окууну кызыл диплом менен аяктаган ырчы дароо эле 3 адистикке ээ болгонун айтат.
"Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын музыкалык искусство жана эстрада бөлүмүндө 5 жыл билим алдым. Бул бөлүмдө окугандар концерттик аткаруучу, ансамблдын солисти жана окутуучу (вокал боюнча) деген 3 адистикке ээ болушат.
Аракеттин аркасында кызыл дипломду алдым. Албетте, оңой болгон жок, кызыл дипломдун аркасында көптөгөн кыйынчылыктар калды. Буюрса, алган билимимди чет өлкөдөн бышыктап келейин деген планым бар. Анткени мен билимге тойбой калдым", - дейт ал.
Ырчы консерваториянын ректоруна, мугалимдер жамаатына ыраазы экенин кошумчалады.
Мыктыбек Нурланбеков 2016-жылы ырчы Адилет Азимов менен биргеликте Башкортостандын Уфа шаарында өткөн "Урал моңо-2016" эл аралык музыкалык сынагына катышкан.
2017-жылы Румынияда өткөн эл аралык сынакта баш байгени жеңип алган.
2018-жылы Украинанын Харьков шаарында өткөн эл аралык "Живая вода" сынагында 1-орунду ээлеген.