ИИМдин кызматкерлери тарабынан 50 килограммга жакын салмактагы марихуана баңги заты табылды

ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 50 килограммга жакын салмактагы марихуана баңги заты табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өсүмдүк түспөлүндөгү ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен Талас облусунун тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюуга багытталган атайын операция жүргүздү. Ыкчам-иликтөө иш-чарасында шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 килограмм 600 грамм салмактагы марихуана баңги заты табылды. Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада Индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды. Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан