Кечээ, 4-сентябрда Акыйкатчынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кеңеш айылындагы интернетке тарап, талкуу жараткан "контейнер-мектепке" мониторинг жүргүзүштү. Ал жакта окуучулар 20 тонналык 5 контейнерде билим алышып, алтынчы контейнер мугалимдер бөлмөсү катары жабдылган.
Казалы Абиров атындагы бул мектептин директору Самара Турусбекованын айтымында, мектептин негизги корпусу 1974-жылы колдонууга берилген. Мектеп жалпы 140 балага ылайыкталып курулган.
2015-жылы ӨКМ мектепти жараксыз деп таап, ал жерде балдардын билим алуусуна тыюу салган. Бирок тыюу салынганына карабай аталган мектепте окуучулар имараттын жоктугуна байланыштуу окуп келишкен.
Негизги корпус жараксыз абалга келгендиктен, 2019-жылдын 29-30-август күндөрү жыйырма тонналык контейнер ӨКМ тарабынан берилген. Контейнерлердин ички жасалгалары жасалып, спорт аянтчасына коюлуп, 2-сентябрь күнү окуучуларды кабыл алган.
Директордун айтуусунда, адегенде 6 шатер беришмек, бирок кийин контейнер беришкен. Жергиликтүү бийликтегилер бул маселени 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде көтөрүшүп, бюджеттин тартыштыгы деген шылтоо менен жаңы мектепти куруу ишке ашырылбай, планга кошулбай калган.
Аталган мектептин сүрөтү коомчулук алдында кызуу талкууга алынып, бийликти жек көргөн катардагы эл ашар жолу менен мектеп курууну демилгелеп чыгышты.
2019-жылы жазында экс-министр Гүлмира Кудайбердиева мектептин имараты менен таанышып, бул жылдын планына кошулат деген убадасын берген. Бирок 2019-жылдын планына аталган мектептин имаратын куруу кошулбай калган. Бул окуучулардын билим алууга болгон конституциялык укуктарын бузууга алып келген. Контейнерлер негизги мектеп имаратын алмаштыра албайт. Бөлмөлөр тар болгондуктан, бир бөлмөгө башталгыч класстын 15-16 окуучусу батат. Ал эми жогорку класстын окуучулары үчүн аталган бөлмө тардык кылат жана ыңгайсыз. Жогорудагыларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселени токтоосуз түрдө чечип, Кеңеш айылында 200 окуучуга эсептелген типтүү, заманбап үлгүдөгү мектептин курулушун баштоо зарыл деп эсептейт жана аталган жагдайды "аргасыздык" деп атады.
Эскерте кетсек, мектепте жалпы 21 мугалим эмгектенет, алардын ичинен 19у жогорку билимдүү, 2 мугалим атайын орто билимдин ээси. Ал эми техникалык кызматкерлердин саны 7 адамды түзөт.