Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынын терезесинен 14 жаштагы кыз секирип кетти. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Учурда бул маалымат такталып жатканын билдирди.
Айрым маалыматтарга ылайык, кыз Бишкектеги Москва жана Сүйүнбаев көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен секирген. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы саат 14:32де келген.
Ал эми кыз окуя болгон жерден каза болгондугу айтылууда.