Ош шаарында жолдо өтүп бара жаткан аял кишини белгисиз эки аял башка чаап качып кетишкен. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан бул маалыматтарды билдиришет.
Окуя бүгүн, 5-сентябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата районунун аймагында түштө болгон. Анда Ош шаарында жайгашкан психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургунун апасы дарыгерлерге көрсөтүү үчүн алып келген. Анткени 27 жаштагы кызда психикалык оорунун белгилери болгон. Бирок кыз ооруканадан качып чыгып, жолдо өтүп бараткан адамдарга тийишкен. Ошондой эле ал көчөдө көйнөгүн чечип, отуруп алган. Анын кыймыл аракети адамдарга, жол коопсуздугуна кооптуу болгондугуна байланыштуу милиция бөлүмүнө алынып келинген. Ал жакын туугандарына тапшырылып берилди.
Учурда ал кыздын үстүнөн 34 жаштагы келин "себепсиз урду" деген мазмундагы арыз жазды деп билдирет басма сөз кызматынан.