Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловго "алдамчылык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган иши аяктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Айткулов жана анын жактоочусу материалдар менен таанышууда. Андан соң иш прокуратура аркылуу сотко жөнөтүлөт.
Буга чейин Икрамидин Айткуловго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук өндүрүшкө алынган. 2018-жылдын 19-сентябрында Н.Д. аттуу жаран Икрамидин Айткулов алдамчылык менен 5500 долларга ээ болуп калгандыгы тууралуу арыз менен кайрылганын Бишкек ШИИББинен билдирген.