Бишкектеги аскер лицейинен 55 курсант качып кеттиби? Башкы штабдын жообу

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы улуттук аскер лицейинин 50 курсанты качып кетти деген маалымат тарады. Бул боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы үн катты. Маалымат кызматынан билдиргендей, курсанттар эч кайда качкан эмес.

"5-сентябрда аскер лицейинин 2-курсунун 55 жоокери өз каалоолору менен эле окуу жайдын аймагынан чыгып кетишкен. Балдар кайра саат 09:30да окуу жайга келип калышкан. Курсанттардын айтымында, алар жайкы эс алуудан кийин окууга көнө албай жаткандыктан, Түштүк магистралга барып чуркап келишкен. Окуу түзүлгөн тартипте улантылып жатат. Курсанттар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-09-06 11:02:03
Дедовщина болуп атат деп ачык эле айтпай сынарбы ,я??
+8
Bektur2011
2019-09-06 11:07:03
Азыркы балдар абдан эле борпон болуп калды. Эч бир кыйынчылыкка чыдабайт. Аскердик тартипке баш ийип, эркектей болбойбу качпай
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан