Чүй облусунуну Жайыл районунун аймактык ооруканасынын реаниматологу өз жанын кыйды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Окуя 5-сентябрь күнү болгон. Анда дарыгер кан тамырын кесип салган. Аны өзү иштеген ооруканага алып келгени менен өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Азыркы учурда бул факты боюнча милиция кызматкерлери иштеп жатышат.
Дарыгер Жайыл райондук аймактык ооруканасында көп жылдан бери иштеп келген.