Кой-Ташта каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалы тапшырылды (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Ташта каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева, жубайы Назира Базарбаева, бир тууганы Асанбек Ниязбеков жана уулу Тимур Ниязбеков менен жолугушту. Өлкө башчы Ниязбековдун жакындарына "Эрдик" медалын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда президенттин аппаратынан маалымдады.

Мамлекет башчы 2019-жылдын 7-августундагы окуяда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына көңүл айтты. Ниязбеков бүт өмүрүн мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи. Террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча бир катар операцияларга ийгиликтүү катышып, улуттук коопсуздук органдарынын ар түрдүү ведомстволук сыйлыктарына ээ болгон.

Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу болгонун баса белгиледи.

Ал эми Үсөнбек Ниязбековдун апасы өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп, энелердин көз жашы төгүлбөсүн деген каалоосун билдирди. Өктөм Мамаева президент кыргыз элинин бакубатчылыгы үчүн жемиштүү иштөөсүн каалады.

Президенттин Үсөнбек Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо (курман болгон соң) жөнүндөгү жарлыгына 27-августта кол коюлган.

7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
altyn-kumush
2019-09-06 13:53:36
Азамат! Бул медаль баланы кайтарып бербесе да эл анын баатырлык менен курман болгонун дайыма эстеп турат. Медаль аркылуу анын жесир жана жетим калган балдарына жеңилдиктер берилсе жакшы болот.
+3
Absamat-90
2019-09-06 13:56:50
Апа учун баланы жоготуу бул эн оор эч нерсе менен тушундуруп бере алгыс жагдай.Балдар чоноет уйлонот ошол мезгилде кенешкен кишиси атасы жок экени орду толбой турганы билинет.Байлыктын,бийликтин артынан каттуу тушкон канкорду спецназдын олуму токтотту. Байлык деп журуп,Мультидолларовый млнердин кызына берген тарбиясын кордук. Эми салыштыргыла озунор.
+5
Erik2018
2019-09-06 13:59:18
Ниязбектей уулдан айрылып кыргыздын баары жоктоп турат ушул медалды тируу кезде алсан кана апандын суйунучу койнуна батпайт эле го
+4
Abdizhapar
2019-09-06 14:27:53
Эки доо кагылышса ортодо чымын олот болуп эки достун кагылышынын курмандыгы болду бечара Аллах бейишинен орун берсин эки дос наркы дуйнодо кантип жооп берет экенсинер
0
isarti
2019-09-06 17:44:10
Абдан туура иш болуптур. Эң өкүнүчтүүсү кыргыздардын бирин бири өлтүрүп жатышы. Аттиң дүнүйө.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан