Атактуулугуна карабай чыгармачылыкты эмес үй-бүлөнү тандады. Америкалык белгилүү ырчы Ники Минаж карьерасын жыйынтыктады

Өзгөчө стили менен айырмаланган белгилүү америкалык хип-хоп аткаруучу, актриса Ники Минаж сахнадан кетти. Ал чыгармачылык карьерасын жыйынтыктаганын социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Мен чыгармачылыктан кетип, убактымды үй-бүлөмө арнайын деп чечтим. Чыныгы күйөрмандарым мени менен өмүрүнүн аягына чейин болушун суранам", - деген ал. Бул билдирүүдөн кийин айрым күйөрмандары ага ийгилик кааласа, көпчүлүгү ырчынын чыгармачылыктан кеткенине кайгырып жаткан пикирлерин калтырышкан.

Ники Минаж жалпысынан 4 альбом жаздырууга жетишкен. Анын акыркы альбому 2018-жылы чыккан. Ал эми бешинчи альбому жакында чыгары күтүлүүдө. Мындан тышкары, ырчынын 7 чыгармасы бир эле мезгилде дүйнөлүк чартта хит ырлардын катарынан орун алган.

Рэп аткаруучу "Грэмми" сыйлыгынын 10 номинациясынын ээси. Ал 1982-жылы Тринидад жана Тобаго Республикасында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bek_tash
2019-09-06 15:31:25
Анжелика, Самара, Аваз, Данияр... алакетчи ушуларды)
+8
Dembele84
2019-09-06 16:00:51
Минажда жамбаш жарылайын деп калыптырго
0
Nevestkaa
2019-09-06 21:43:39
3-сүрөттө желдеп койгон шар го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан