Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык болгондугу маалымдалды. Кырсыктан иштеп жаткан эки электрик жабыркап, ооруканага жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркаган жумушчулардын абалы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Кырсыктан жабыркагандар Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Экөө тең денесинен алты пайыз күйүк алышкан. Ушул тапта абалдары канааттандырарлык", - деди аталган министрликтин маалымат катчысы.