Кожобек Рыспаев: "Унаам тоголонуп баратканда, бир кыз унаага урунуп каза болгон". Депутат 20 жыл мурун кабылган жол кырсыгынын чоо-жайын айтты

Депутат Кожобек Рыспаев 1999-жылы кабылган жол кырсыгынын чоо-жайын айтты. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы жарыялады.

"Элита киши өлтүргүч" деп интернет булактарынан чыгып жатпайбы. Аны көрүп мени Ооган согушунда бирөөлөрдү аткан деп айтып жатышат го деп ойлогом. 1999-жылы жол кырсыгына учурагам. Бул чын. Ошол убакта унаамды Рыспек Акматбаевдин инисинен сатып алгам. Спорт ордосундагы бассейнге барып сүзчүмүн. Кечинде үйүмө кетип баратканда, капталыман бир унаа качырып келип урган. Унаам жолдун четине чыгып, ылдыйды көздөй тоголонуп кеткен. Ошондо бактын арасындагы эки-үч кыздын бирөөсү автоунаага урунуп каза болуп калган. Өзүм да аябай жаракат алгам. Ошол заматта Сокулук РИИБинин кызматкерлери келип текшеришкен. Тергөө амалдары жүргөн.

Кыздын апасы мен тааныган адам экен, ага барып алдынан өттүк. Мындай абалда апасына үйрөткөндөр көп болот экен. Ал "кызым Кожобек Жайчибековичтин унаасына урунуп каза болду" деп көп жерге арыз менен кайрылды. Сот 50 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген. Тергөөнүн алкагында техникалык экспертиза жүрүп, менин унаам түртүлгөнү далилденип, кылмыштын белгилери жок деп табылып, иш жабылган. Бирок кыздын апасы кайра арыз жазып, экинчи жолу да кылмыштын белгилери жок болгону үчүн иш кыскарып, ошол бойдон калган. Кийин кыздын апасы баарын түшүнүп, доом жок деп тил кат жазып берген. Мындай кырсыкты эч кимге каалабайм", - дейт Рыспаев.

Ошону менен катар эле депутат анын унаасын сүзгөн адам табылбаганын айтты.

Буга чейин социалдык тармактарда Кожобек Рыспаев 20 жыл мурун бир кызды унаасы менен сүзүп, кыз каза болгон деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Avrora2017
2019-09-06 18:49:39
Кутулуп кетиптирсинда убагында, конешна соттор силерге тартаганда кимге тартат эле ал болуп турган иш
+8
Aikaaaa
2019-09-06 20:03:53
Капталга сүзгөн машина табылбай калса, анда калп экен да, эптеп шылтоо тапмай да
+9
ilgizk
2019-09-06 22:03:39
Бул элита өзүнөн башка адамдар акылсыз алдасам боло берет деп ойлойт окшойт,
Ошол 1999 - жылы машиналар деле азыркыдай көп болбосо керек эле таппай калгыдай...
+5
Begimay.emir1
2019-09-07 04:40:09
Жон Эле машинама урунуп дейт ко, машинанын тоголонуп келе жатканын байкабаптырбы? Машина эмне топ беле. Чон эле темир калдырап келе жатса качатта. Уруп эле кетсе керек
+1
TIMON_BERKOWITZ
2019-09-07 07:32:25
Неси болсо да Кудайдын сотуна жетесиңер жакында. Буйрук болсо Алладан, болбосо пешенеңден.
+2
anonymous
2019-09-07 09:34:58
Кино тартса болчудай даяр сенарий
-1
тилек
2019-09-07 11:04:17
сиздин машинанызга кыз урунуп алдыбы ? же сиздин машинаныз кызга урунуп алдыбы? просто соз жок......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан