Социалдык тармактагы баракчасына Мелис Аттокуров аттуу колдонуучу “Мигранттардын өлкөсү. Өспүрүм кыздын апасы аны чоң энесине таштап, Орусияга кеткен. Ал мектептен келип, бул кабарды угуп токтоно албай ыйлап жатат. Кызды чоң энеси соорото албай, айласы алты кетүүдө”, - деп кыска текст жазып, алдына видеосун тиркеген. Колдонуучу окуя Баткен облусунда болгонун жазган.
Бул видеонун алдына баланы ата-энеси убактылуу болсо дагы таштабаш керек экенин, ал жактагы акчаны Кыргыз өлкөсүнөн деле иштеп тапса боло турганын баяндаган билдирүүлөрдү жазышууда.