Кара-Суу районунда каракчылык, уурулук боюнча 6 жаран кармалды. Алардын арасында өспүрүмдөр дагы бар

Ош облусунун Кара-Суу районунда каракчылык, уурулук боюнча 6 жаран кармалды. Алардын арасында өспүрүмдөр дагы бар. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө, аймактык ооруканадан чет өлкөлүк жаран денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн. Маалыматтын негизинде Кара-Суу РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, төмөнкүлөрдү аныкташкан.

"30-август күнү 23:00 чамасында 55 жаштагы Л.Л. аттуу чет өлкөлүк жарандын Кара-Суу шаарында жашаган үйүнө бейтааныш 4 жаран кирип, бычак менен коркутуп, колу-бутун байлап, денесине жараат келтиришип, 20 миң сом акчасын, уюлдук телефонун жана ноутбугун алып чыгып кетишкен. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2-сентябрь күнү Кара-Суу шаарынын жашоочулары 17 жаштагы М.М. жана Б.Б. 16 жаштагы Х.у.Х. 15 жаштагы К.С. аттуу жарандар кармалган. Алардын экөө мурда соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн жанынан жабырлануучуга таандык баасы 30 миң сомдук Хуавей үлгүсүндөгү телефон жана ноутбук далил буюм катары алынган. Ошондой эле бул жарандардын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар болуп чыккан. Тактап айтканда, башка жарандарга карата каракчылык, уурулук кылышкан. Мындан улам дагы эки жаран шектүү катары кармалды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "каракчылык", "уурулук" беренелери менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Соттун чечими менен мурда соттолгон М.М. жана Б.Б. бир айга камакка алынды. Ал эми калган шектүүлөр өспүрүм болгондуктан, соттун чечими менен үй камагына чыгарылып, ата-энелерине тапшырылды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tursunbaev2017
2019-09-06 23:55:36
тонолгон кытай,тоногондор өзбектер 100 пайыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан