Бишкек ШИИББинин Октябрь райондук милициясы тарабынан жол кыймылынын камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин сүзүп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, ЖККББнын У.А. кызматкерине Мазда 626 унаасынын айдоочусу 7-апрель көчөсүнөн жол кыймылын бузуп, кызматкерге баш ийбей койгон. Айдоочу жолун улантып, кызматкерди сүзүп өз жолун улантып кетип калган. Бул окуя боюнча ЖККББнын кызматкери арыз менен милицияга кайрылган.
Октябрь райондук милициянын ыкчам издөө иштеринин негизинде шектүү 1993-жылкы А.А. кармалган. Айдоочунун унаасы айып короого киргизилген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.