Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 16 жаштагы өспүрүм кулап кеткен. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИББи тастыктады.
Маалым болгондой, өспүрүм беш кабаттуу үйдүн 4-кабатынын терезесинен кулап кеткен. Ал "Тез жардам" менен 4-ооруканага жеткирилген. Учурда өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө.
Бул окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.