Орусиянын Курган облусундагы жол кырсыгында эки Кыргыз жараны жабыркады

Орусиянын Курган облусундагы жол кырсыгынан эки Кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Варгашинск районунда эртең мененки саат 08:40 чамаларында Хонда Одиссей унаасы жүк ташуучу Вольво менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаадагы 1974-жылы туулган аял жана 2002-жылы туулган жигит ар түрдүү жараат алып, ооруканага жеткирилген. Экөө тең Кыргыз жарандары болушкан.

"Жол кырсыгынын себептери учурда иликтенип жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан