Бишкекте Хондага "аңчылык" кылгандар кармалды. Алар 2 жумада 4 унаа уурдашкан

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция кызматкерлери 2 жума ичинде бир канча унааны уурдаган жарандарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, ушул жылдын 24-август түнү 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкени тууралуу Октябрь райондук милицияга арыз түшкөн. Ошондой эле 30-августта Свердлов райондук милицияга Жаш Гвардия көчөсүндө токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкендиги тууралуу шаар тургуну арыз жазган.

Мындан тышкары, 2-сентябрда Биринчи Май райондук милицияга Жаш Гвардия көчөсүндө токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы боюнча маалымат түшкөн. 4-сентябрда Ленин райондук милицияга Чапаев көчөсүнөн Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы боюнча арыз келип түшкөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыштар жана жазыктар кодексине "унаа уурдоо" беренеси менен катталып, соттук өндүрүшкө алынган. Октябрь райондук милициянын ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында, бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.Б. жана 1991-жылы туулган С.К. кармалган. Кылмышка шектүүлөр 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Ошондой эле ушуга окшогон кылмыштардан жабыр тарткандар же маалымат биле тургандар 0(709) 76-76-06, 0(771) 67-67-28 же 102 номерлерине байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baatirbek81
2019-09-07 17:34:48
Биринчи сүрөтөгү даң даң эмеспи!
+3
Abdizhapar
2019-09-07 22:36:17
Бетин корсотсонор
+3
Bolunbo.kyrgyz
2019-09-08 14:24:35
Кудайдын наалаты тийсин колунар шал болсун. Бишкек Калык Акиев. Боконбвев кочолорундо уурулар бар откон жума менин машинамды уурдап кете жаздашты. Ичинде жаттым эле эшигин ачып калган экен колумда бычак болгондо сойуп салмакмын. Мандай тер кыйналып тапкан акчанды Бир кундо уурдап кетишсе кандай акыбалда каласын же милициясы жардам бербейт ууру мамлекетте жашагын келбейт бирок оз жеринди таштап кетким келбейт
+4
Nurik929394nur
2019-09-09 09:44:41
С К Д Н кармалды С д ны урадап баратым П га колго тушуп калды анан кийин Д ны П Уубактылуу кармачуу жайга Ууга алып барды уу да аа сурака алып баштады Д нын дагы башка кылмыштарга тийешеси барбы деп Уу сурап жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан