Биз социалдык тармакта

"CCCРге кайтуу". Орусия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн жаңы демилгени сунуштоодо

Орусия Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон өлкөлөргө товарлар үчүн жаңы марка берүү демилгесин сунуштоодо. Бул маркалоо азыркы товарлардагы бар маркалардан тышкары болуп, текшерүүчү идентификациялык белги болуп саналат.

"Бул демилге иш жүзүнө ашса, анда товарлардын баасы кымбаттайт жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткары экспорттоо оорлойт. Иш жүзүндө бул Орусиянын товарлары ЕАЭБ өлкөлөрүнө эч көйгөйсүз өтөт дагы, калган мүчө болгон өлкөлөрдүн товарлары Орусияда өтүшүнө тоскоолдуктар жаралат. Ошондой эле текшерүүчү идентификациялык белгини жасоо кошумча убакытты талап кылат. Акырындык менен СССР убагына кайтып бара жаткандайбыз", - деп белгилешти казак эксперттери.

Орусиянын ички рынок ишмердүүлүгүнүн департаментинин башчысы Илья Черный бул маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүнө келип жаткан товарларды экспорт жана импорт болуусу көйгөйсүз жана жөнөкөйлөтүү үчүн сунушталып жатканын билдирди.

Кыргыз өлкөсүндөгү өзүнүн жаңы маркалоосу 2020-жылдын 1-январынан тарта киргизилет. Өкмөт маркалоону алгач тамеки жана алкоголдук продукциядан баштоону көздөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Flowhive
2019-09-08 13:06:02
СССРдин кулдары жакшы деп шилекейинер агат го дагы эле
+4
oSporte
2019-09-08 13:06:55
Орусиядан алыш болушубуз керек!
+6
katerina.li
2019-09-08 15:03:00
oSporte,Бир миллион калкыбыз Россияда иштеп журушот. Алыс бололу деп алып келип ал ошолорду, окмот багат бекен бул жакта аларды
+2
Eldar6724
2019-09-09 14:03:15
katerina.li,окмотту 30 жылдан бери багып кележатабыз, бизди кичине бакса жакшы болот эле, баарыбыз биригип бутка туруп кететбелек...
0
temirov76
2019-09-08 17:12:05
oSporte,Россиядан алыс болгун келсе ошол жакта жургон жуз миндеген мигранттарды алып кел да баарыны жумуш м.н камсыздап россияда канча айлыкка иштеген болсо ошончо толоп бер.Анан сен айтпасан деле эл озу алыс болуп кетет.Ушул айтылгандар колундан келеби,келбесе копчулукко унчукпа.
+2
oSporte
2019-09-08 13:07:27
Орусия өздөрүнүн жарандарын жакшырак бага албай жататта бизди эмне кылат
+4
isarti
2019-09-08 16:05:44
oSporte,1млн кыргыз Россияда жургондо Россиядан алыс бололу дегенинди кантип тушунсо болот. Аларды сен алып келип бак анда. Эмне болгондо да орус тирилиги отпой бизге келген жок. Биз барып жатабыз аларга темселеп. Короосу менен туалетин тазалап бергени.Биздин озубузду озубуз бага албай иш издеп темселеп кеткенибиз ачуу чындык. Ойлонуп жазыш керек.
+2
Eldar6724
2019-09-09 14:08:00
isarti,логикалык жактан айдан ачык корунуп туратко,1млн ошол жакта журсок дагы 5-10 жылда баарыбыз орус болуп калабыз...
0
arena2014
2019-09-08 13:23:30
Эгер орустор козомолдосо тез эле онугобуз деп ойлойм. Себеби алар завод фабрикаларды иштетип пайдасын болушууну коздойт. А биздин чондорду Женишбек Жумакадыр жакшыле айтып отту окшойт))
-6
tular
2019-09-08 21:39:22
arena2014, Женишбек Жумакадыровдун ошол видеосун кайдан тапса болот...
0
Bars88
2019-09-08 14:12:01
Кыйналсак да озунчо эгемендуу мамлекетпиз.Россия деле жыргап кеткен жок.Шаарлары эле жакшы болбосо четирек жактары бизден жаман
+15
Sambet08
2019-09-08 14:57:25
Кыскасы бир соз менен айтканда, орустар биздин иш журо берсин силердики кала берсин дегендей эле болот экенда
+10
ALATOOLUK.JIGIT
2019-09-08 15:39:55
Россияны ээрчиген эч бир мамлекет онукпогон. В том числе озу да.
+9
Skarlett-Skarlett
2019-09-08 20:07:36
Сталин негизи ото куу киши болгон,баардык жакшы завод-фабрикалар Россияда курулган.Ойлонуп кадам таштаганыбыз дурус го дейм.
+3
Samatalibei
2019-09-08 20:54:36
Эмне болсо да Россия Кыргызстан учун эн оноктош ишеничтуу олко. Кытай баардык байлыктарыбызды сатып алып каалагандай калчап жатат.Россия колдобосо Бизди ким колдойт айткылачы? Канча миллион Мигрантарыбыз ошол олкодо жакшы жашоо учун эмгектенип нан таап журушот. Жарымыбыз ошол россияда эмгектенип Оз мекенибизге келип уйлуу болуп жылуу жашап отурабыз Казактстан жолдорун жаап салат кааласа ачат.Таджикистан чек арадагы биздин жонокой эл менен кырылышып коркутканын токтотбоду;Озбекстан колдомок беле!
+2
Samatalibei
2019-09-08 21:07:32
Кытайга канча карызбыз Бир жолу карызды кечтиби жок кечпейт алар Алтын тоолорду талкалап анан кечиши мумкун. Россия эки жолу карызды кечтиго. Кыргызстан кучтуу онуккон олко болсо кандай соонун болмок. Мигрантарыбыз учун Россияга каршы болбогула Кыргызстанды озуно каратып ала албайт. Туурамес суйлоп Мигрантарыбызга зыяныбыз тийбесин.
+3
katerina.li
2019-09-08 21:37:18
Samatalibei,кытай кечпейт. Коросунор,жэрлерди талкалай т келип алышып. Карыздын ордуна жерлерди алып коюшпаса болду
+6
Globalnews
2019-09-09 08:41:52
Бироого таянгыча озуно таян, оруска дагы кул болбой, эч кимге коз каранды болбой, оз олконду озун онуктурмойунчо эч ким кош колдоп алып келип бербейт, онукмойунчо сени эк ким сыйлабайт (живой пример: Китай). бирок экономика темада орустар эч качан европадан отуп кете албайт, ошон учун бул политика биз учун минустары кобуроок. мен каршымын, таможенный союз эле жетишет эле, слабая точка - мигранттар болуп жатат да, эээх
+2
Absamat-90
2019-09-09 10:28:36
Россия дагы деле женилдик беруудо. Чындыгында кыргыздар документ ишине чабалбыз.
+1
daniel87
2019-09-09 10:34:16
Тезинен Окмот мигранттарды кайра Кыргызстанга чакыруу чараларын коруш керек ,иш оорундарын камсыздап,Орусия Кыргызга кыйын кезде эшигин ачты ,уйу жокту уйлуу кылды бирок биз кыргыздар озубуз да онугушубуз керек!эч Бир кайсы олко бизге куйбойт,онугушубуздуу каалабайт!Россия менен да АКШ ,Европа менен ийгиликтуу иштерди алып барыш керек !Акшы Европа менен жакындан иш алпарууга Россия жол бербейт !Кытайдан болушунча алысташ керек карызды толош керек!
+1
Globalnews
2019-09-09 11:53:02
Россиянын экономикасы онуго албай жатканына байланыштуу постсоветтик башка республикаларды озуно байлагысы келип жатат, ошолордун эсебинен ото ылдыйлап кеткиси келбей, эмне дегенде Россиянын экономикасына Кытайдын коркунучу ото чон, конкурент №1. Бизди байлай албаса биз соссуз турдо Кытай мн экспорт-импорт иштер кобойгонго алып келет, Путин Си менен дос боло берет бирок от души коркот, экономика жактан айласыз. а биздин айлабыз мигранттар болуп эч кандай отказ бере албайбыз. бир гана жол-онугуу!
+2
KAYRATBEK
2019-09-09 13:37:56
Бизге эч кандай ссссссср керек эмес. КЫРГЫЗСТАН эгемен эч кимге баш ийбеген, оз алдынча мамлекет болушубуз керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан